1. Бөтөн, чоочун, башка, өз эмес. Сырыңды айтып сүйлөшпө, Тааныбаган жат менен (Барпы). Жат үн сырттан угулду (Жантөшев). 2. Душман, кас. Өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман (макал). Менден жакын асырайт, Кан төгүшкөн жатымды («Курманбек»).
Көңүлдө, эсте толук сакталган, унутулгандай абалда эмес, унутулбаган, ойдон кеткис. Бул окуя мага жат, күнү бүгүнкүдөй эсимде турат («Ала-Тоо»). // Жатталган, жаттап эске туткан, эч нерсеге карабай шыр айткан. Ооба, сен экөөбүз аны жат билебиз (Айтматов). Көңүлдү койсо бир ишке, Көкүрөккө жат болот («Ала-Тоо»).
1. Горизонталдык абалда болуу, бир нерсенин үстүнө тикесинен турбастан узунунан түшкөндөй, боортоктогондой, же жыгылгандай абалда болуу (адам же башка жаныбарлар жөнүндө). Кыбырап же солк этпей Кадыр жатат жалдырап («Мендирман»). Чылым чегип тыныгып, Керебетте жатканда (Маликов). Ар жагында күшүлдөп, Аркандалуу уй жатат (Турусбеков). 2. Белгилүү бир жерде, орунда болуу, бар экендиги белгилүү болуу. Көптөн бери ушул саатты күткөндөй столдун тартмасында жаткан кызыл блокнотун алып чыкты («Кыргызстан маданияты»). 3. Кандайдыр бир жерде, жайда болуу, бар экендиги белгиленүү, белгилүү бир абалда, жагдайда болуу. Кезектеп айтып жатышты, Душмандын кайда жатканын («Мендирман»). Көбүктөн чакмак алгандай, Өзөн суу жатат шаркырап («Мендирман). Бөтөлкөдө жай жатат, Ичиңе кирсе чаңдатат (Шүкүрбеков). 4. Жапырылуу, жыгылып, ыгып калуу. Шалы жатып калыптыр – муну оруу оңой эмес (Абдукаримов). 5. Түнөө, конуу, конуп-түнөп бир жерде болуу. Кабагын түйгөн сараңдын, Үйүнө барып жатпагын (Осмонкул). Айыгасың семиресиң, күч аласың, Ал жерде жайдын күнү бир ай жатсаң (Шүкүрбеков). Шаарда беш күн жаттым. || Уктоо, уйкуга баш коюу. Айыл жаткан, түн ортосу, Жан-жаныбар тынч алып (Бөкөнбаев). 6. Таандык болуу, тиешелүү болуу. Мына бул төрөчүлүккө жатабы? Ушул да адамкерчиликке жатабы? 7. Атоочтук жаткан формасында аныктооч болуп түшкөндө «барып турган», «абдан», «жеткен», «ашкан» деген мааниде колдонулат. Жаткан бир амалкөй. Жаткан кыйын. Жаткан ушакчы. 8. Негизги этиштер менен бирге айтылып, татаал этиштерди уюштуруучу көмөкчү этиш катарында колдонулат. Жардын алдында күбүрлөнүп суу агып жатат (Байтемиров). Жалгыз караан келе жатты (Бөкөнбаев). Мунун баарын менин элим, Куруп жатат, курушат (Токомбаев).